сокмо
- Согулуп, токулуп жасалган, согулган, токулган.
- Урма, уруп согулган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ры салганы, / Айрандай мээси чачырап, / Жайылып жатып калганы, / Адыр деген бир маңгыт, / Адыраңдап барганы, / Учунан кармап найзаны, / Сойул кылган Кененим, / Сокмогу менен бир салды, / Бир чабуудан чыгарбай, / Адырдан да жан алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сокмогу менен найзасын, / Аңтарылып Калыбек, / Алдындагы карала ат, / Бели сынган турбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ын нечен найзасын, / Найзанын учу темирге, / Уңгусу менен балтанын, / Аркасын карай какканы, / Балта тийген бул найза, / Талкаланып жатканы, / Солк эткен найза сокмогу, / Эр Тапактын оң колу, / Үзүлүп кете жаздады, / Каржиликке чапкандай, / Зыркырап сөөгү какшады, / Тарткылашкан найзаны, / Беркерге калды баштагы, / Одурайган …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сокмогу менен найзанын, / Соолгон чочко муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өзү сокмо там.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →