сокбилек
- Сокунун жанчуу, күйшөө, майдалоо үчүн ургулай турган кошумча куралы.
- диал. «Ханвазир» оюнунда жеңди түрүп, чыканакты төбөгө чейин көтөрүп, анан муштум менен коюп жиберип жазалоо түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кубулке деген өтүптүр, / Жүйрүн дөөдөн үйрөнүп, / Сокусун минип ат кылып, / Жетимиш миң сыйкыр жат кылып, / Сокбилек менен камчылап, / Жолугуп калган жандардын, / Көзүнүн жашы тамчылап, / Эламандын Төштүгүн, / Азгырып келди Кубулке, / Айыгышкан көп күнү, / Адамзат арбы зор эк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мени менен канча күн, / Жан айабай кармашты, / Жыландан бетер арбашты, / Кылбаган сыйкыр калбады, / Алы келе албады, / Сокбилек, соку дегени, / Керекке баары келбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ал сокбилекти араң эле көтөрүп таштайт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →