сок
- Уруу, чабуу, коюп калуу.
- Кагуу (жүрөк, тамыр жөнүндө).
- Токуу.
- Жүрүү (шамалга, желге карата).
- Куруу, салуу, жасоо.
- сүйл. Ичүү, жеп, алып жиберүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарашанын кыры эле, / Чыгучу жолу ушу эле, / Сомбилектин Чигитей, / Сокмоктуу баатыр чыкты, деп, / Кулагым менин укчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көрдүңөрбү бурутту, / Дөөкан, Банус хандардай, / Сотой, Соксо калдайдай, / Мени ошондой көрүшүн, / Ойлобой келген бул бурут, / Айжаңжүндөн өлүшүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оң айланып сол болуп, / Ойлогону бул болуп, / Сырты калың өткүр миз, / Сомдоп соккон ай балта, / Балтаны алып кемерден: / “Чаптырбай койсоң билбейим, / Чаптырып салсаң, Кутургур, / Кара жерге киргизем, / Кактабай каның ичпесем, / Соогага алып сур атты, / Сейитекке жетпесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Онан баскалар казан асбаяк, соган күнү калып отурган жок гой.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Канчалык каарданып соксом да, ал былк этип койбойт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →