сойло

китептерде 105 жолу, 9 китепте
  1. Боору менен жылуу, боортоктоп жылып өтүү.
  2. Бир нерсенин ичине, арасына аралай кирүү, бойлой кирүү, сүңгүп кетүү.
  3. Сулаган, жатып калган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Таарый чапсам экен, деп, / Кармай алды сабынан, / Тартып алды кабынан, / Такыр баш болгон энебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жетке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тирүү жанын койбоду, / Жер кучактап сойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сен батышка барганда, / Баргандын баарын сойлотуп, / Баш көтөрпөй жатканда, / Качан болсо батыштык, / Чыгышты карай жылабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сойлотуп Чубак эрлерин, / Пил менен калды булкушуп, / Тарткандай улак жулкушуп, / Тумшуктан Чубак алыптыр, / Тумшугун сууруп ала албай, / Туруп пили калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Суйук айак шерменде, / Сур жыландай сойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →