сой

китептерде 635 жолу, 10 китепте
  1. Мууздап, терисин сыйыруу (малды же башка жаныбарларды).
  2. Жешке ылайыктап кесүү, тилүү (мис., коонду, дарбызды).
  3. өт. Катуу жазалоо, сабоо, өлөрчө жанчып уруу; катуу уят кылуу, айласын кетирип, жерине жеткирип, сөзгө жыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Агеркечке таңуулап, / Жамандык жагын ойлоду, / Эби келсе Алмаңды, / Аман койбой сойголу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Суракчы Бакай болуптур, / Колдон келген чагымда, / Баарыңды сойуп койбогон, / Мага да куп болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жапаркул менен Ыракымбайдын агасын мал союп бер деп Большевиктер алып кетиптир. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →