создук

китептерде 2 жолу
  1. Кечеңдөө, көпкө созулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Коктулар малга шыкай толуп, тетиги күңүрттөгөн караңгы терең сайларда үйүрүн издеп, чуркураган жылкылардын үнү түштөгүдөй создугуп угулуп турду- Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →