соз
- Жумшак, үлпүлдөк затты чоюп узартуу, созултуу.
- Сунуу (колду, моюнду ж.б. ).
- Үндү, обонду узарта чыгаруу, көпкө улантуу.
- Кечеңдетүү, создуктуруу, саалытуу, тез бүтүрбөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ги жаш бала, / Опол тоодой зоңкойуп, / Арбак конуп шаңданып, / Көргөн бенде таңданып, / Ондон жыйырма кулжа бар, / Эки жакта чаң салып, / Майторунун артында, / Созулуп чыккан чаң калып, / Келе жатат жаш арстан, / Азуусу айга бүлөнүп, / Жат душмандын көзүнө, / Ажыдаардай сүрдөнүп, / Көзүнөн оту жылтылдап, / Алгыр бүркүт төрдөн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Айкырган үнү жаңырат, / Баатырлардын бака-бак, / Обону карай созулат, / Жерден чыккан топурак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →