согуш2
- Урушуу, мушташуу, кармашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп ошентип Бактыбай, / Согушка чыкты камынып, / Чуру-чуу түшүп коргондо, / Жез барабан кагылып, / Атка минди миң балбан, / Дайар болуп жабылып, / Жайы-кышы жаткандар, / Бекеринен багылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алышып көрдүк далай күн, / Уктабай биздер канча түн, / Жер жайнаган көп черүү, / Кырылып жүрүп теңделди, / Айжаңжүн менен Солоке, / Өлтүрүп кетти эрлерди, / Карапайым эл өлдү, / Катардагы эр өлдү, / Аз өлбөдү, көп өлдү, / Согушуп жүрүп Соорандык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Согушкан пенде соо калбай, / Соолгон жандан ажыраар, / Бердике айтып жиберди, / Эл жыйылган көпчүлүк, / Чуркурашып калышты, / Ким экенин ким билет, / Бирөөнүн айтып салышы: / “Жоо кадырын, жоо билет, / Гүлчоро менен Канчоро, / Ал экөөнөн башкадан / Буга беттеп ким кирет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мындан ары жүрүп олтурсаңыз, жолдо бир жагында көп киши, бир жагында беш киши эки тарап болуп согушуп жатканын көрөсүз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →