согум

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Байлап семиртип, кышка карата союла турган мал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деңизге барса суу бойлоп, / Уктап калган жайанды, / Алып келчү көтөрүп, / Бир айылдуу кишинин, / Эти антип камдалган, / Жылында бирден пил кардап, / Согумуна жеп келген, / Өчөгүшүп нечен пил, / Такыр алы жетпеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атып шерди ким жыкса, / Адис мерген эр чыкса, / Койдон жүзүн бөлүп бер, / Бээден кыркты байлап бер, / Жолборс-шерди атканга, / Кышкы согум этиң деп, / Инек уйдан онду бер, / Жакшылап кылгын тилекти, / Артыңда уулуң болбосо, / Ашып кала бербейби, / Анда муну ким ээлер? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Талаадан терип издеп жейт, / Кул деп сатат кишини, / Согумга сойот итини, / Бака менен чайан жейт, / Кана барбы жана дейт; / Күнгө чыккан көгүн жейт, / Казып чөптүн түбүн жейт; / Суурду көрсө сууруп жейт, / Бар тамагын кууруп жейт; / Адам барып жеңе албай, / Тургандыгы ушул дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…уркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Баары түштү дыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мында согумдун эти турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →