согончок

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Буттун апкытка туура келген бөлүгү.
  2. Бут кийимдин апкыты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кең кулага Кененим, / Согончок менен теминип, / Нойубаган Кененим, / Жоо сайгандан эринип, / Күркүрөтүп найзасын, / Күүлөп булар сундуруп, / Күүсү кулак тундуруп, / Качырышты бул экөө, / Бир-бирине бой уруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…п, / “Манастап” ураан чакырып, / Жайнап жаткан көп колдун, / Алдынан утур жан чыкпай, / Жаны ачыган жаш арстан, / Аралап кирди элирип, / Камчы берип Күрөңгө, / Согончок менен теминет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Согончогун жоорутуп, / Томуктарны оорутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кайратына карк толуп, / Согончок менен теминип, / Каарданып кирди ат койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жөргөлөп баратканда бирөөнүн согончогу менин оозума тийип кеткендей болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →