согон

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кумдуу жерге өсүүчү жапайы пияз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саздуу жери кемирчек, / Жылгалары бээ эмчек, / Козу кулак, жоогазын, / Анын баары тамак дейт, / Жапа мыйаз, зардеги, / Согон менен кымыздык, / Төө таман менен чымылдак, / Табылып калса талаадан, / Сүйүнөт кытай жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жер пийаз, согон жыттанып, / Көк чечекей, гүлепше, / Күндү карап ыктанып, / Аркар оту, бозунач, / Сасыгансып жыттанып, / Жапа жай менен мамыры, / Жыты адамды аңсатып, / Уй шилекей мөлтүлдөп, / Оозуна салсаң бал татып, / Кеңкол ата чоң Талас, / Көрүктөнүп чалкайып, / Алатоо турду көрүнүп, / Асман тиреп заңкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сарымсак менен согонго, / Чылап туруп сугунткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →