сиңди

китептерде 18 жолу, 6 китепте
  1. Аялдардын же кыз балдардын өзүнөн кичүү кыз бир тууганы.
  2. Жалпы эле өзүнөн кичүү аялдар, кыздар (улуу аялдар, кыздарга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана туусам кыз бала, / Сиңдилүү болдум деп кеткин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арадан өтүп канча күн, / Караханга жетиптир, / Алып барып Шаатемир, / Караханга бериптир, / Каныкей көрүп ал кызды, / Сиңди кылып алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кичи сиңдим Гүлнардын, / Дал он үчтө жашы бар, / Сүрөтү менде тартылуу, / Эп келсе, Чүрөк, алып бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Калыйман жакын сиңдиси, / Кыздардан чыккан билгичи, / Калыйманды ордуна, / Алтын такка мингизди, / Акундун кызы Айчүрөк, / Кайыптыгын билгизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, жез кемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →