сиң

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Акырындык менен сорулуп, сиңирилип кетүү.
  2. Ичкен-жеген тамагы аш болуу, бойго тароо.
  3. Бекем орун алуу, биротоло бекип, кабыл алынып кетүү, көндүм болуп калуу.
  4. Эмгеги, кызматы, кадыры ж.б. өтүү, кандайдыр бир даражада белгилүү болуу, таанылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жерге сиңип жатыптыр, / Мени кармап душманым, / Өлтүрөөрү аныктыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Алыстан келген арам,-деп, / Ушул бойдон уктаса, / Жеген майы, эт сиңбей, / Болбой калар бала, — деп, / Балта кепти баштады, - / Жоокалатып турам” — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адамы менен төөлөрүн, / Адам соргуч бул кумга, / Сиңип булар жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кулакка куйган суу дары, / Мээге агып жеткенде, / Сыйпаган дары көзүнүн, / Этине сиңип кеткенде, / Көз ачылып жарк этип, / Кулагы угуп шаңк этип, / Бир колунда Гүлчоро, / Бир колунда Сейтек, / Жыгылып кетти шалк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул менин да кулагыма сиңип калган: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →