сирке1
- Биттин жумурткасы.
- өт. Томпойгон майда өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тажиктердин Көкбөрү, / Аскерине билинбей, / Аркада калган элдерди, / Издеп кетти салпылдап, / Сиркенин Сары талаада, / Жеткен жерде Көкбөрү, / Капташты кара балаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тебетей башта эр туруп, / Алсаңар көөнгө алыңар, / Акылың жок экөөңдө, / Жарым сирке кенедей...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жакынынан жат болуп, / Көңүлү кирдеп дат болуп, / Элкин болуп элинен, / Медери кетип белинен, / Кужуру келип куршугуп, / Кыжыры кайнап кырданып, / Кыраан Алмаң сурданып, / Суу көтөрбөй сиркеси, / Ызгычка айткан бир сөзү: / — Ызылдаба, ызгыч куш, / Кайдан болдум сага туш?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен жеген киши – Сейити, / Чийки эти-жүрөгү, / Айтканымдын баары чын, / Сиркече жок күмөнү, / Жүрөгү менде болбосо, / Аркаман ээрчип жүрөбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Иий, мына бит, иий, мына сирке, – демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →