силкин

китептерде 26 жолу, 7 китепте
  1. Күбүнүү, кагынуу.
  2. өт. Ачуулануу, булкулдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп коржоңдоп мыкаачы, / Күн карарып, ай күйүп, / Аңтарылса жер асман, / Сезгенбеген Татылда, / Жер токтобой калтылдап, / Тоолор көчүп калдырап, / Канаттуу качып алдырап, / Жер силкинип жарылып, / Суулар агып жайылып, / Зил-зил болуп кетсе да, / Кыйшаңдоону билбеген, / Бул мыкаачы Татылда, / Манастын атын укканда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз болду, / Кененим деген үн чыкты, / Жер жарылып суу чыкты, / “Мен Гүлүстөн, сен Кенен, / Турбай, балам, тебирен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Суксур мойун Сарала ат, / Силкинип суусун жайбаңдап, / Султан Алмаң ошондо, / Суудан чыкты саламат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жер силкинип дүрүлдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
— / Деп, Суркойон солкулдап, / Жетим калган баладай, / Ичин тартып болкулдап, / Айбан мал ыйлап турганда, / Күрпүлдөктүн куйушта, / Таамай түш болгон убакта, / Жер силкинип, күн өлүп, / Күн өлбөсө неткени, / Күүгүм тартып кеткени! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →