сийдик

китептерде 70 жолу, 8 китепте
  1. Бөйрөк аркылуу иштелип чыгып, жыныс органынын заара өтө турган жолу менен организмден бөлүнүп чыгуучу суюктук, заара.
  2. сүйл. Эркектин уругу, тукуму.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Качты калмак дүркүрөп, / Караанын көрүп көк жалдын, / Сийдиги агып бүркүрөп, / Калдагай кулак Чойун алп, / Темирбек экөө баш кошуп, / Кеңешке кирди күбүрөп, / Эрдемсиген акмактар, / Амалы кетти бүжүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уңгусу болот, учу курч, / Учуна салам кара курч, / Чиркейдин тумшугунан курасам, / Чочконун сийдигине сугарам, / Сабындагы жыгачын, / Он эки түрдүү кырдатам, / Үн чыгартып ырдатам, / Отуз эки түр менен, / Ойуу-чийүү сырдатам, / Тийген жерин ырбатам, / Мындай найза болбойт, деп, / Жамакчыга ырдатам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күндөн бетер күркүрөп, / Көргөн пенде тура албай, / Сийдиги агып бүркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →