сий
- Заара кылуу, сийдик чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таманына шиш кагып, / Тамтаңдатып жүргөндө, / Айрып алып Таласка, / Алып барып тактырсам, / Тузга сийип, чунак ит, / Арамдык ойлоп сен турсаң, / Азыр да кесем башыңды, / Жамандыкка көөн бурсам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ээрдинен көзөп тешейин, / Кайда барсам мен башын, / Байланып алып кетейин, / Көзүнө күндө сийейин, / Мээсинин ордун табактай, / Арак куйуп ичейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керилип туруп сийген жер, / Бут менен колдун арасы, / Кере бута кеңдиги, / Солбуп бутун тарткан жер, / Жер очоктой ойулган, / Зоо жакка башын бургандай, / Из белгиси ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сийгели эшикке чыкса да, / Бирин бири жүр — дешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →