сеңир1
- Тоонун урчуктанган бийик кыры.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Башымдагы туулга, / Казандай кара темирден, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден, / Баса мени жыгылса, / Кыймылдаткыс көрүнгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башын сыйпап койгон жок, / Жалганда мындай балбан жок, / Коргошун менен колодон, / Эритип туруп куйдурган, / Чоң казандай Чойунбаш, / Опколжуп келип урганда, / Омурулуп кетүүчү, / Нечен сеңир урчук таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Таноосу тектир сеңирдей, / Теңдешсе жоодон эринбей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →