сетер
- Ыйык.
- Ыйык кылып эркин коё берилген мал (мындай малдын этин жебейт, жүнүн кыркпайт).
- Жүдөгөн, араң кыймылдаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйшаңдаган сетеркүң, / Турбагының кет, жогол!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калп эле күлүп ал Бетер, / Калжыңдашып алыптыр: / — Эшиктен келдим мен Бетер, / Тагыңды мурун тарттырып, / Кайра алган сен Сетер, / Алдыңда минген күмүш так, / Алда кайдан бепбекер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аркасынан Кененге, / Сетер калмак жетти эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сетертайдын үйүнөн, / Кысыртады жеп алып, / Бал чайкаган кымыздан, / Кол чаначка байланып, / Керменбай кетти аттанып, / Күн болжолун жатка алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Торсолдойду хан Бакай, / Кармап колдон жетелеп, / Каныкей келет эңчеңдеп, / Гүлүстөн келет жанашып, / Көргөндүн баары карашып, / Кызыл тилдүү Керменбай, / Сетертай менен Каргалдай, / Сетертайдын багы деп, / Айтып жаткан дагы бар, / Торсолдойду кара, деп, / Суктанганы дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →