серпинди
- Бир нерсенин учкуну, чачырандысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ап, / Үзүктөй болгон ак муздар, / Суу үстүндө калкылдап, / Түрүлүп көбүк буу агып, / Түрмөгү менен чөп агып, / Таштын башы коройуп, / Аттай, төөдөй балыктар, / Серпинди менен ар жерде, / Өлүп жатат торойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чын арышын кергенде, / Чылбыр бойу жерлерге, / Төрт айагы тик түшүп, / Кош кулагын жапырып, / Агарып таңы ачылып, / Серпинди болгон топурак, / Төш жары жерге чачылып, / Аркар болуп качканда, / Жейрен болуп белестен, / Бир кубулуп ашканда, / Желмогуздун өзү деп, / Өзү тургай буруусуз,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →