серме
- Кармоо, кармап алуу аракети менен колду умтула шилтөө, сермөө, илип алуу.
- Учуу, алга карай умтулуу аракети менен канатты кыймылга келтирүү, канат кагуу, серпүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жана сермеп кармарда, / Коргошун жүрөк, жел билек / Коркпой турган Чакмакташ, / Албарс менен Сазанды, / Ач билекке чапканда, / Күч берүүчү тарамыш, / Таарый чаап таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачып колун сермеди, / Сермегенде Кызыл алп, / Колуна Сарык келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анык көзгө көрүнө, / Акыркы уруш кезинде, / Ажал сермеп жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эсин жыйып жалактап, / Элөөрүгөн баатырың, / Оңолуп минип сермелип, / Алдындагы Сур атка, / Айабай камчы бир салды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Колун сермеп, бирдеме деп жооп берген болуп жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →