сереңде

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Серең-серең этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбайдын кароолчу, / Эси чыгып элеңдеп, / Ары-бери сереңдеп, / Бактыбай, деп бакырып, / Атынан айтып чакырып, / Алдастады ал байкуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карк этип карга учпаган, / Курк этип кузгун учпаган, / Сереңдеп койон качпаган, / Кыраакылар байкаса, / Тирүү жандар баспаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кабылан Манас келди, деп, / Биз кетебиз эми, деп, / Жол керегин белендеп, / Нечени жүрөт дереңдеп, / Унутуп калып өткөндү, / Жаш балдары сереңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кулжалар жатпай дердеңдеп, / Койондор чуркап сереңдеп, / Бугулар башын булгашып, / Өлөңгө мойнун чулгашып, / Учарлыктан тынарлык, / Өздөрүнчө ырдашып, / Үндөрүн баспай чуулашып, / Уйдун баары мөөрөшүп, / Кеңкол ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →