серек

китептерде 83 жолу, 6 китепте
  1. Үй кайтарган жөнөкөй ит.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Удургуп эли калыптыр, / Серек сулуу кыз Торгой, / Сезип муну алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атыңды кантип мен айтам, / Кыргыл, Серек баштаган, / Кылымдан чыккан кырк арстан, / Тонуңду бердим белендеп, / Атышкан жоого кийер деп, / Кез ажалы кетпесе, / Жарык көрүп жүрөр деп, / Эстеп турам сиздерди, / Эске алар деп биздерди.. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Серек менен Сыргагы, / Серпишкен жоонун чыйрагы, / Тирилип келип калгандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Авазир кызы Бек серек, / Анчалыгы болбосо, / Авазирлик не керек? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →