серги

китептерде 23 жолу, 8 китепте
  1. Салкын абага чыгып эс алуу, серүүндөө, көңүл ачуу.
  2. Күн ачылып, жаан-чачын басылуу.
  3. Кургай баштоо, тоборсуу.
  4. Женилденүү, өзүн жеңил сезүү, бошоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Коржоңдобо, Кубатай, / Көзүң көрүп бой сергип, / Ачылып көөнүң кубанбай, / Катылышсаң сен мага, / Бөөдө өлүп кетесиң, / Эртеңки күнгө чыгалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Быйыл бойду сергитип, / Аттарды жакшы семиртип, / Соот менен олпоктун, / Топчулугун бекитип, / Найзаны ташка түйрөйтүп, / Кылычты чаркка эгетип, / Балтаны ууга сугарып, / Найзанын учун жаңылап, / Бөрү тили чыгартып, / Жаңылап элден кол алып, / Анан барсак кантет, / Күчтү күчкө улантып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аттар чарчап болокшуп, / Эр чарчадык окшошуп, / Бүгүндөн башка тогуз күн, / Урушту койуп токтотуп, / Атты суутуп минели, / Бой сергитип келели, / Кимдин багы артылат, / Андан кийин көрөлү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…йтып турганы: / — Кештелүү калпак кең шалбар, / Кеңешим айтам жаш балдар, / Саймалуу калпак көк шалбар, / Санаамды айтам жаш балдар, / Алты күнү болгунча, / Ат сергитип алалы, / Анан Чүрөк баралы, / Жети күнү болгуча, / Бой сергитип алалы, / Жетип Чүрөк баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →