сергек

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Көңүлү көтөрүңкү, ачык, шат.
  2. Сак, кыраакы, аркы-беркини тез сезүүчү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Үңкүрдөй болуп ачылып, / Оозунан көбүк чачылып, / Алдында өлүп үч балбан, / Ичи жаман ачынып, / Алачыктай чокморду, / Көкчөгө салды качырып, / Көгала тулпар эң сергек, / Чаптырбай кетти жазгырып, / Өзү Көкчө чабендес, / Бошотту ордун шарт кылып, / Отогой чапкан чокмору, / Кара жерге тийиптир, / Тийген жерин ойултуп, / Кудук … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Талаадан келип түшкөнүн, / Атын байлап асканын, / Үйдү карай басканын, / Туйуп жаткан Каныкей, / Үйдө күйгөн шамы бар, / Сергек өскөн жайы бар, / Эшикти келип ачарда, / Сабынан кармап колго алды, / Жанындагы шамшарды, / “Кастык кылып балама, / Келе турган жан барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…рүнүп дардайып, / Кара коргон көзүнө, / Көрүнүп калды калдайып, / Эр Гүлүстөн ошондо, / Тиктеп калды алайып, / Эки-үч сапар тил булгап, / Эрдин алды жаланып, / Сергек бала Каргалдай, / “Жүрөгү коркуп атабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сергек туулган Жалгызек: / «Абаке, жакшы билгин — деп, / Кужурлуу туулган Гүлчоро, / Куткарып калды бизди — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →