сербеңде
- Сербейген кичинекей көрүнүштө кыймылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Токсон миң кытай эл менен, / Барамын дейт Таласка, / Ушунчалык дем менен, / Кыргызга барып келдим, — дейт, / Кан агызып сел менен, / Ээн талаада сербеңдеп, / Келаткан киши ким элең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…а уруп, / Кызыл алптын карчыттан, / Каны агып чубуруп, / Кызарып каны жошулуп, / Топурака кошулуп, / Кудай урган Кызыл алп, / Мурду көөп дердеңдеп, / Муруттары сербеңдеп, / Сакалдары эрбеңдеп, / Кармаймын деп кол сермеп, / Буурулду кармап алам деп, / Арыш таштап дардаңдап, / Колу-буту тарбаңдап, / Типтик башы соксойуп, / Орто т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ркар, кулжа кошулуп, / Кулжасы кочкор окшошуп, / Адырда ачык жер келсе, / Тура калып топтошуп, / Тоо текелер калжактап, / Так түйүлүп дардактап, / Жейрен келет сербеңдеп, / Кулжалары дердеңдеп; / Бугулар келет тарбаңдап, / Таноолору барбаңдап, / Алтымыш айры мүйүзү, / Ала бакан каркаңдап; / Эликтер келет молтоңдоп, / Төөкийик к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейтек менен Гүлүстү, / Ээрчитип Бакай зор чыгып, / Жердин бети мемиреп, / Гүлдөр жайнап мелтиреп, / Көпөлөк учуп делдеңдеп, / Жан-жаныбар калбастан, / Таластын ээси келди, деп, / Жайылып чыкты сербеңдеп, / Көз илешпей нечеси, / Жүгүрүп жүрөт эрбеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сербеңдеген, куу какбаш, / Сербеңдебей тим отур!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →