сербей
- Жапыз жана бирин-серин, анда-мында болуп өсүү (өсүмдүктөр, кыл, чач ж.б. жөнүндө).
- Кичине болуп көрүнүү, эрбейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Белге чыгып элейип, / Шаңда туруп сербейип, / Этегин шамал чойгулап, / Капшыты көөп делдейип, / Дүрбүнү алып колуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү бир тоодой, / Жүзүн сайып жүдөтүп, / Миңин сайып билинтип, / Миңге саны толгондо, / Бирден оңко тургузуп, / Чарчабай да, чалыкпай, / Ойон Чубак каб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр жабдыгы Жаманбай, / Эбегейсиз зор болуп, / Алалбай катын бул чакка, / Жүрүчү эле сенделип, / Атка минип эрбейип, / Найза кармап сербейип, / Кененимдин жанында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Сербейген сары сакалы бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →