сепкил

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Кээ бир кишилердин терисинде (көбүнчө бетинде) пайда болуучу саргыч же күрөң түстөгү майда чыбыр тактар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оң жагында айкөлдүн, / Сарала минип теңселип, / Сары сакал сеңселип, / Ийриси жок түз сөздүү, / Сепкили жок ак жүздүү, / Алтын айдар чок белбоо, / Азиз кандын Алмамбет, / Жалайак ооз жалын көз, / Жан катылчу эр эмес, / Коргошун жүрөк жел билек, / Коркпой турган А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сепкили жок ак беттүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сепкили жок ак жүздүү, / Ийриси жок түз сөздүү, / Өзү кайып болсо да, / Айтылып калды мүнөзү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ийриси жок түз көптү, / Сымбаты артык келбеттүү, / Сепкили жок ак бетүү, / Кайран эр кандай болор?!”деп, / Каңгырыктап эл кетти, / Жеткен жерде Кутургу, / Гүлүскө найза сайдырбай, / Сайдырбай да кактырбай, / Капталга м… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чекири жок кой көздүү, / Сепкили жок ак жүздүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →