сепил

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Жоодон коргонуу максатында шаардын, жашаган жердин, сарайдын сыртынан айланта курчалган калың коргон-чеп.
  2. Тосмо, тоскоолдук (атайын курулган), кээде табигый тоскоолдуктар да (бийик жар, зоо ж.б.) сепил катары пайдаланылышы жана сепил аталышы мүмкүн.
  3. өт. Кебелбес күч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Буйрук берип аскерге, / Киргизбе деп бурутту, / Сепилге кирди мааналап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тордогон бойдон чогулуп, / Айдап алып жөнөдү, / Жандоочу деген сепилге, / Барганын көзүм көрбөдү, / Хан туруп качкан караан, деп, / Калкынан безген арам, деп, / Аты менен өлсүн, деп, / Ачка кордук көрсүн, деп, / Кырк кулач бойу сепилге, / Атым менен таштады, / Азапты минтип баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алгара аттап сепилден, / Шаар ичине киргенде, / Эл жайнаган базардын, / Ортосуна түштү эле, / Коңурбай түшкөн базарды, / Уаң базары дечү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп Коңурбай, / Алгара менен алактап, / Кең багалек буулум шым, / Ат капталда балактап, / Утур келген баатырга: / — Кылчайып артың караба, / Эптеп жетип Бейжинге, / Сепилге кирип маанала! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канча кабат тамы бар, / Катарлап салган шаары бар, / Айланта салган сыртынан, / Эки кабат сепил бар, / Кандек казган суусу бар, / Кадалуу байрак туусу бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →