сеп1
- Кызды күйөөгө бергенде кошо берилүүчү кийим-кече, үй оокаттары жана түрдүү буюмдар.
- Кошумча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оодарылып калганда, / Илип алып найзага, / Кеп сурарга калганда, / Эки буту тепеңдеп, / Желке чачы сепеңдеп, / Кеңке барды аңгыча, / Бакырыгы баш жарып, / Белдүү баатыр баштанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Тигини кармап суу сеп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Желке чачы сепейип, / Көк наакы бутта тепейип, / Камчылап атын дардаңдап, / Тайган кууган текедей, / Таноолору барбаңдап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Этектери далбаңдап, / Кара темир калканы, / Аркасында калдаңдап, / Качырып кирди чоң калмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ырып, / Ысуулай бойдон таңдырып, / Кан-ириңин бузулган, / Картык менен тарттырып, / Жаранын оозун кургатып, / Күн сегизге толгондо, / Баатырды өөдө тургузду, / Сеп алтып жанын жыргатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желке чачы сепеңдеп, / Жетер-жетпес артынан, / Тапан хан барат тепеңдеп, / Аркасынан Сейити, / Кетип барат кекээрлеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →