сендиректе

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Алы кетип, бутун араң шилтеп тамтаңдап басуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кен, деп, / Имере тартып тизгинин, / Абдан байкап көз салып, / Тиктеп калып кылыйып, / Жана өзүнчө каткырып, / Жалпайган мурду былчыйып, / Ого бетер Майтору, / Сендиректеп шылкыйып, / Ачууланып Бекбача, / Эки этегин түрүнүп, / Жеткиси келет жүгүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеби бүтпөй кароолчу, / Аңтарып көзүн алактап, / Буту-колу шалактап, / Томолонуп жыгылып, / Сендиректеп бир туруп, / Коркурай түшүп жок болду, / Көөдөнүнөн жан чыгып, / Көрүп турган Сынчы бек, / Болду кандай укмуш? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…к, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Кирпик ирмеп көз жумбай, / Күүлүү келген найзаны, / Учунан улай кармады, / О дүйнө кеткен айкөлдүн, / Колдой көр деп арбагы, / Сендиректеп Телкүрөң, / Очойо түшүп оңолду, / Өйүз-бөйүз элдерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ач карышкыр ордунан туруп, сендиректеп басып, арманын айтып баратты: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →