сендел

китептерде 58 жолу, 10 китепте
  1. Азап тартуу, тентирөө.
  2. Арып-ачкан, чарчап-чаалыккан түрдө темтеңдеп араң басуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошентип жүрүп сенделип, / Белге чыгып келгемин, / Пейлиңди салып бекем ук, / Бекзат Чубак - береним! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажалың айдап жай таппай, / Сен келипсиң сенделип, / Бул элден көзүң көрдүбү, / Кайраты бар менчелик? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Элден азып сен кеттиң, / Айчүрөктөн башкабыз, / Баш көтөрбөй сенделдик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетейге теңелтип, / Койбогун мени сенделтип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жолдон кезиккен жан болсо четибизден ыйлап жиберип, жалынып жардам сурачудай болуп, сурубуз качып, ар кай жерде бирден, экиден сенделип араң жүрүп келебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →