семир
- Эт алуу, эттүү болуу, семиз болуу.
- Өсүмдүк үчүн керектүү заттары жетиштүү болуу, күр болуу (жер жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
басып баралбай, / Бабырап кебин салалбай, / Жедигер жетип баралбай, / Жеткирип кебин сала албай, / Тамтаңдап жүрүп эки жыл, / Аты ыргай болгондо, / Бити толуп семирип, / Чоңдугу торгой болгондо, / Алтайга барды уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Анык угуп Кененим, / Көбөйбөгөн аз жакта, / Коросон менен испандык, / Бүгүн менден пас жакта, / Колботуп кошуун кура элек, / Батыш менен чыгыштын - / Баарына кабар кыла элек, / Кур семирген буларды, / Кууратайын аны деп, / Антип келип калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көк кылайып калганда, / Ыраң чөп баш алганда, / Койо берген Кылжейрен, / Кур семирип алыптыр, / Кулан болуп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мал семирип, нык болуп, / Эл семирип, бук болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошентип, айда дээр ажа, кой дээр кожо жок, өзү бий, өзү кан болуп, бечера карыпты ыйлатып, той түшүрүп, канга тоюп, семирип жаткан жасоолдор...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →