семиз
- Эти толук, майлуу.
- Өсүмдүк үчүн керектүү заттары жетиштүү, күр (жер жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргызга карайт барлык жер, / Бээ семизин жыккыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Нечен күңү бар экен, / Семизинен баса албай, / Май соорусу чайкалган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атын алып бүгүлүп, / Анталашып жүгүрүп, / Бээ семизин жыгышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Дарыя, дарыя, мага сууңдан бергин, тумшугумду жууп тазалайын, досум кашкулак этин бермек болду, семиз экен этин жейин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →