селпекте

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Эби-сыны жок, селп-селп эткен жеңил көрүнүштө, кыймыл-аракетте болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…оорунан тилбесем, / Ойноп жүргөн балдарын, / Көзөй сайып шилиден, / Бутактарга илбесем, / Намысын колдон кетирип, / Кызы менен келинин, / Айак асты кылбасам, / Селпектетип буттарын, / Акактатып кемпирин, / Далысын жерге сүрбөсөм, / Оорактанган коргонун, / Ойротто жок күмбөзүн / Өрттөп ийип тынбасам, / Көкбөрү атым бекер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…а ойнотуп, / Ээрчитип алып жүрүүчү, / Өчөгүшүп иттерге, / Өзүң кордук көрбө, деп, / Эми билинтип айткан бир кеби: / — Керменбай ага сен элең, / Аркаңдан ээрчип селпектеп, / Айырмач минип телпектеп, / Ойногон бала мен элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →