селкинчек

китептерде 17 жолу, 5 китепте
  1. Оюн-шоок үчүн күү менен алга, артка чайпалып тебүүгө ылайыктап курулган жасалга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…сабаага, / Кышында жарма ачытып, / Эки тарап бөлүнүп, / Мөөрөйгө чүкө атышып, / Кымыздан тарткан аракты, / Кыйгылдуу даамын татышып, / Келин-кыз эки бөлүнүп, / Селкинчегин тебишип, / Ырчылар тилин сайратып, / Ырдап бирин жеңишип, / Байбичелер залкайып, / Ак кулжадай маңкайып, / Казылары челектей, / Капчыгайдай жайкалып, / Эшиктен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ебетейин кырдашып, / Ээр-токумун кылдатып, / Жаагын жанып күкүктөй, / Ырчылары ырдашып, / Өйүз-бөйүз кыз-келин, / Акыйнегин айтышып, / Теңселе басып келишип, / Селкинчегин тебишип, / Азоону минип түйүлтүп, / Арты-артынан келишип, / Уландар теңге эңишип, / Уул үйлөп, кыз беришип, / Чочок кесип, той берип, / Үлүш болуп дуулдап, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну угуп чогулган, / Чойтолоңдун чоңдору, / Бөлүндү санга ойлору, / Карап туруп дени өлүп, / Титирек басып бойлору, / Селкинчек тээп токтобой, / Кармалбай калды колдору. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жибек менен чынжырдан, / Жыйып аркан салдырган, / Селкинчек тээп жатышкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Балбандар найза салышып, / Санаксыз байге алышып, / Теке тырмыш, көл бука, / Аркандарын тартышып, / Теңге эңишип жаштары, / Селкинчек тээп кыздары, / Бөлүнүп алып боз улан, / Көкбөрү тартып, кунан чаап, / Көөнүнчө ойноп жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →