селдей
- Апкаарып, калтаарып же эси оой түшкөндө, таң калганда, өзүн жоготуп койгон учурда ж.б. кыймылсыз делдейип туруп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алданып малга келиптир, / Аманат жаны жай таппай, / Баркы кетет хандарың, / Баш калкалаар бай таппай, / Кетиреби Кененим, / Селдей толкуп кан акпай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Селдей душман каптаса, / Селт этпей жалгыз кирген бар, / Сыныгын сыртка чыгарбас, / Сыр алдырбас кылдат бар, / Уйкудан кечип эл сактап, / Кызмат кылат мындайлар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Тапан хандан бир киши, / Сейитимге жеткени, / Тапан хандан Сейитке, / Айтып келген кептери: / — Калкылдатып туу кармап, / Канча күнү кармаштык, / Сейитиге баргандын, / Баарысы кылды жармаштык, / Селдей каптап эл кеттик, / Арыкта суудай кан кечтик, / Балбандан өлдү канчасы, / Биз талапка жетпедик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Топуракка толтуруп, / Көк менен жердин арасын, / Бурулуп чыккан чаң келет, / Селдей каптап кол келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →