селде3

китептерде 9 жолу, 5 китепте селде 1 →селде 2 →
  1. диал. Тууралган эттин үстүнө кесилип коюлган чучук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Амурдун бойун жердеген, / Ак кардан селде чалынган, / Атакта бар эки инген,- / Баарың ашка келгин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Селдеси калды чубалып, / Мурдунан кетти мээси агып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— деп, / Мылтыкты топтоп бай тигип, / Асабасын жайылтып, / Найзаны жерге сайылтып, / Курун салып мойнуна, / Жетелеп атын алышып, / Молдосу селде чалынып, / Тилекти бер деп жалынып, / Өлтүрүп койсо кепин, деп, / Такыр актан жамынып, / Эркеги калбай үйүндө, / Баары чыкты жабылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Батасы журтту байыткан, / Олуйа Кошой бараткан, / Анын арка жагында, / Буудайык хандын Музбурчак, / Муруту келген бир кучак, / Селдесин кыйгач чалынып, / Үстүнө суптан жамынып, / Кыпкызыл канга малынып, / Минген аты боз экен, / Абаң Бакай карыга, / Акыреттик дос экен, / Ал дагы кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мамирмазин да бүгүн табына келгендей, эртең менен ашыгып, чала-була чай ичип, селдесин заңкыйтып оронду да, менин ийниме бир бош куржунду салып алып, үйдөн ээрчитип чыкты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →