сел

китептерде 178 жолу, 10 китепте
  1. Суу ташкыны, кыян.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күчала жеп катыны, / Үйдө өлдү селейип, / Дабытайдын тактасын, / Тапшырып берип бирине, / Кененим шаардан аттанды: / “Кайда кетти Дабытай, / Бир күн тыным албаймын, / Аны таап баш албай, / Таласка барып кыргызга, / Айтып койуп журтума, / Андан кийин жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адам ашкыс бел окшойт, / Агымы катуу сел окшойт, / Үй токтоткус жел окшойт, / Карааны башка көрүнөт, / Кайраты бар эр окшойт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аккан суунун сели урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →