сексеңде
- Жүгүргөндө, тез кыймылдаганда чачы көтөрүлүп сербеңдөө, сербеңсербең этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бизди көрүп, дагы бир кызы, сары чачын сексеңдетип жүгүрүп келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала баягы булакка бети-колун жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →