сексен

китептерде 135 жолу, 9 китепте
  1. 80 саны, эсеби.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетимиш менен сексендин, / Арасында жашыңар, / Аркада элге ээ болуп, / Оорукта хандар, жатыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ушул кумдун четинде, / Аскерин таштап бир жерге, / Жетимиш балбан ээрчитип, / Келген экен бул жерге, / Жолборс алып сексенче, / Шерден кармап бир жүзчө, / Төө куштан атып кокойтуп, / Келайткан экен кечинде, / Дигерде жакын мезгилде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каарданып кылыч шилтесе, / Так сексенден баш кесет! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →