секичек

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. диал. Боз үйдүн кереге башына, уук аягына тагыла турган, үч бурч келип, кооздолуп саймаланган буюм салгыч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жабык баш, туштук, чырмак чий, / Жуп секичек көшөгө, / Үйдүн ичи бөлөкчө, / Көз уйалып жаркылдайт, / Тегеретип көргөнгө, / Атактакы үйлөрдүн, / Желбоосу жез чынжырдан, / Чамгарагы жылт карай, / Үй санаты бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Секичеги дейылда, / Мадыбектин катыны, / Жасаган үйдү барынча, / Он кертимден жүк жыйып, / Жүгүнө гилем жаптырып, / Алакийиз, түрдөмө, / Тикмелерин жаздырып, / Айу талп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ортосу агын коо экен, / Өйүз–бүйүз секичек, / Эл конуучу жер экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →