секин

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Акырын, жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Секинин чыгып башына, / Чачын сылап Керээз кыз, / Чымылдагын тартканда, / Бекер тартпай байкуш кыз, / Күү келтирип жатканда: / — Атпай кыргыз алаш ук, / Кары-жашың тамам ук, / Катын менен балаң ук, / Кыргызга бийлик тийиптир, / Айкөл Манас туулуп, / Каңгайдан али келбептир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акырын койуп тунугун, / Артына секин бурулду, / Агеркечке айткалы, / Аста жылып суурулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Кекиртектен суу кечип, / Мурдуна кирип бырылдап, / Жатагынын дайны жок, / Жаа тартууга алы жок, / Алмаң кирсе куу өрдөк, / Качпай турган жайы жок, / Балыктай секин былкылдап, / Суу ичинде жылтылдап, / Эр Чубактын атынын, / Курсагынан өттү эле, / Куйруктан өтө бергенде, / Зыр койуп үчүп кетти эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →