сейрек
- Бирин-серин, жыш эмес.
- Анда-санда гана учурай турган, көп кезикпеген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сейрек жерге барбады, / Калдайган калың жеринен, / Жанын айап калбады,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сейрек салган тамы бар, / Анда-санда багы бар, / Орто-катар шаары бар, / Андан бери караса, / Карааны бар отузча, / Адырда жүргөн адам бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дүйшөнбүнү көрбөдүм, / Көрбөсөм да билемин, / Адам сейрек, жери аз, / Тулаңы жок какыр таш, / Каты багыт жердеген, / Башкадабы андабы, / Чойун кулак кайда экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…йдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек тарткан багы бар, / Жон атагын Бейжин дейт, / Кантун деген жер ошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейрек турган эл барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →