сейит
- дин. Мухаммед пайгамбардын тукуму.
- дин. Мухаммеддин тукумуна мусулмандардын берген наамы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Семетейди бир көрдүм, / Сейитимди көрбөдүм, / Кененимди көргөнмүн, / Асылбачам өлдү дейт, / Аны дагы көрбөдүм, / Токсон алты жаштамын, / Ажал жетпей өлбөдүм, / Маңгыттын ханы капырга, / Бир беттешип көрөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Семетей, Гүлүс, зор Бакай, / Сейитекте бирге эле, / Мен Кененим болгону, / Кененим атка конгону, / Жалгыз чором болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан деген эки кызы келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →