сезген

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Бир жери ооруп калуу, суук тийүү, кагынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көмсө кара жер албай, / Таштап атса талаага, / Айбан туруп сезгенип, / Карга-кузгун коно албай, / Сууга салса суу жукпай, / Майлаганда май жукпай, / Кучактатып кара итти, / Жерге көөмп таштаса, / Топосун бузуп уй ачып, / Өлүгүн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Кесириң сенин урбайбы, / Кечилдин баарын ыйлаткан, / Эсири аман турбайбы, / Эзген казы, кошкон май, / Тузуңа кара санаса, / Душманды кудай урбайбы, / Төбөсүнөн сезгенип, / Топо жыттап тынбайбы, / Беш-алты күн тур десе, / Болбойсуң, айаш эне, сен, / Конбой, жатпай кетсең да, / Кутулбайсың жемеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Качып берди Толтойуң, / Каны агарын сезгенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Талаганда менин эмнемди алат, өлтүргөндө менин кайсы жазыгым үчүн өлтүрөт дегениби, айтор көп сезген жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Акыры иш жамандык менен бүтөрүн сезген кан көпкө макул болбоду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →