сез

китептерде 36 жолу, 10 китепте
  1. Сезим органдары аркылуу бир нерсени туюу, байкоо.
  2. Түшүнүү, билүү, байкоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Удургуп эли калыптыр, / Серек сулуу кыз Торгой, / Сезип муну алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Кан экенин билгизип, / Дүрүйө менен карала, / Түрлөнгөн бойун кийгизип, / Такасы карыш нөкөрү, / Айагына илгизип, / Арстан Манас баатырдын, / Кызматы артык сезилди, / Булардын баарын көргөндө, / Алмамбет боору эзилди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетейди сездирбей, / Гүлчорону туйгузбай, / Айла кылып аздырып, / Атасынын көрүнө, / Алып келе калайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бара жатып үйдөгүлөрдүн абалын ойлодум, өзүмдү бир боштондукка чыга түшкөндөй сездим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →