седеп

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кээ бир үлүл кабыктарынын ички катуу катмарынан алынып, топчу жана ар кандай кооз буюмдар иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу зат; ушул заттан жасалган топчу жана ар кандай кооз буюмдар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өңү кара көмүрдөй, / Тиши аппак седептей, / Эрди калың төрт эли, / Желкеси агып ириңдеп, / Чачы тармал үксөйүп, / Жаалысы катуу түктөйүп, / Оозун ачып эстенип, / Азуулары шакылдап, / Башына кийген туулга, / Калгандай кара темирден, / Кара бойу кем эмес, / Кар тоонун сеңирден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жетелеген тайганды, / Хан Манастын доорунда, / Дарбазачы Сарытаз, / Кызы Седеп экен деп, / Мындай укмуш айтылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жети кабат көзү бар, / Ак седептен тышы бар, / Ичи өрттөй кызарган, / Тартып койсо кынабын, / Кере беш сөөм узарган, / Оңдоп кармап Каныкей, / Кара көзгө салды эле, / Өлчөп карап калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Экөө сүнөт, экөө парз, / Эгем таала пендеден, / Өтпөй турган кыйын карыз, / Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Мекеден келген ак теспе, / Седептен кылган чоң тесме, / Жанынан сууруп алды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →