сегизинчи
- Сегиздин иреттик саны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сегизинчи күнүндө, / Күн козу түш кезинде, / Чыгып келди төрт берен, / Ача мойун ок бир белге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир жак өрөөнүн торуатка кырк бүктөп салып, асман менен учуп, сегизинчи күндө үйүнө келип түштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Анда жети күн той жасап, сегизинчи күнү Гүлпаарыны алып жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →