сегиз

китептерде 274 жолу, 10 китепте
  1. 8 саны, эсеби.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Аскер ээси сегиз хан, / Аскери жок өзү бар, / Каракөз менен тогуз хан, / Чогулушуп калышты, / Кеңеш кебин салышты, / Чындап кылды убада, / Кетирбеске намысты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Соолабанын тукуму, / Өз атасы Соорандык, / Өкүмөттүн башында, / Өңкөй Бейжин мыктысы, / Өнчөңдөп турган кашында, / Бөлүнүп жалгыз урушуп, / Он сегизден жашында, / Капсалаңдын суусундай, / Канды төккөн журтунда, / Баатырларга, баашага, / Баш ийбеген бир күн да, / Качырганы илбирстей, / Кайсаганы жолборстой, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оболбек менен Сетертай, / Төрттөн киши койгун деп, / Оргу-баргы чоголдон, / Ошондой киши болсун деп, / Чоголдон таап сегизди, / Таманын жерге тийгизбей, / Айдатып жолго киргизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өзү алгыр шер экен, / Он сегиз менен он тогуз, / Ортосунда неме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →